Баңгизат каналын уюштурганы үчүн мурда издөөдө жүргөн 58 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат каналын уюштургандыгы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңгизат сатуучу Б.М. кармалды.
2017-жылы атайын операциянын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып бөгөт коюлган. Анын натыйжасында Ош облусунун 1964-жылы туулган тургуну Б.М. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 30 килограмм болгон "гашиш" баңгизаты табылып алынган.
Бирок кармоо учурунда Б.М. белгисиз тарапка качып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып келген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалган жаран Ош шаарындагы №5 жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагына камалды. Азыркы учурда баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.