Египетте эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды

Египетте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, эл аралык издөөдөгү “Азаматулло” каймана аттуу кылмышкердин инсандыгы аныкталган. Ал 42 жаштагы А.А. аттуу Кыргызстандын жараны экени белгилүү болду. Кылмышкер ИИМдин Интерпол бюросу жана Египеттин Интерполу менен биргеликте колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ал жарандарга ишеним көрсөтүп, алдамчылык жолу менен мүлк жана акча каражаттарын ээлеп алган.

"Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан шектүүнү аталган өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Башкы прокуратуранын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан