Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды. Бур тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды. Турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Кыргызстандан 150дөн ашык спортчу катышууда.
Мелдештин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Спортчулар 13 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Турнирдин жеңүүчүлөрү шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышат.
Турнир 9-октябрга чейин созулуп, жеңүүчүлөр спорттун чебери наамын алышат.