Кыргызстандык спортчулар таэквондо GTF боюнча Дүйнө кубогунда 18 алтын медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн таэквондо федерациясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Дүйнө кубогу Казань шаарында 28-сентябрдан 3-октябрга чейин өткөн. Эл аралык мелдешке 16 өлкөдөн 750дөн ашык спортчу катышкан.
"Кыргызстандын атынан 19 спортчу барып, 30 медаль багындырды", - деп айтылат маалыматта.
Анын ичинен 18и алтын, 9у күмүш жана үчөө коло медаль.
Жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы экинчи орунга ээ болду. Биринчи орунда Орусия болсо, үчүнчүдө Өзбекстан жайгашты.