Кыргызстандык үч оор атлетчи Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Азия чемпионаты 5-15-октябрь күндөрү Бахрейндин Манама шаарында өтөт.
Мелдешке Ишенбек Муратбек уулу (61 килограмм); Эмил Молдодосов (89 килограмм); жана Бекдөөлөт Расулбеков (102 килограмм) катышат.
Спортчулар эл аралык турнирге улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында катышат.