Сокулукта электр тармагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Сокулук райондук электр тармагынын участкасынын башчысы пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"А.А.С. аттуу жаран Сокулук райондук электр тармагынын дарегине жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-октябрында Сокулук районунун аймагынан Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан