2014-жылы Кыргызстан көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндарын кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюндар КРнын Өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулат.
Оюндарга катыша турган мамлекеттердин саны 10го жетери айтылууда.