Өтмөктө DAF менен Toyota Surf унаалары сүзүшүп жол тосулду

Өтмөк ашуусунда DAF жүк ташуучу унаасы менен Toyota Surf жеңил унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 11-октябрь күнү саат 19:00 чамасында болгон.

Өтмөк ашуусунда бетон шакекчелерин жүктөгөн DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Toyota Surf унаасынын ортосунда жол кырсыгы катталып, оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн түшүп кетип, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган. Жерине 4 куткаруучу тартылган, алар жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көргөзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. аттуу эркек киши жабыркап, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан