Кыргыз балбандары Эрназар Акматалиев менен Жоламан Шаршенбеков Москва шаарында өткөн Poddubny Wrestlin League турниринде алтын медаль утушту.
60 килограмм салмакта күрөштүн грек-рим түрү боюнча катышкан Жоламан Шаршенбеков орусиялык Анвар Аллахьяров менен кез келип, 9:6 эсебинде жеңишке жетти.
Ал эми 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев дагы орусиялык Иналбек Шериев менен кез келип, 8:6 эсебинде атаандашын жеңди.
Турнир кечээ, 14-октябрда Москвадагы Вернадский атындагы циркте болуп өттү. Эки кыргыз балбаны тең атайын чакыруу менен барган.