Орусиялык ММА мушкерлери Андрей Гончаров менен Биберт Туменов Match TV телеканалынын түз эфиринде мушташа кетишти.
Алгач Гончаров менен Туменов көз караш дуэлин өткөрүштү. Андан кийин мушкерлердин ортосунда курч диалог болуп, ал мушташка айланды.
"Менде болгону позитивдүү эмоциялар бар. Мен сенин коркуп, титиреп жатканыңды көрдүм. Жадакалса тердеп кеттиң", - деди Туменов.
"Сен менден коркунучту эч качан көрбөйсүң, бул чындык. Кааласаң ушул жерден эле баштайлы", - деп жооп берди Гончаров.
Гончаров менен Туменовдун беттеши 4-ноябрда "ACA 147" турниринин алкагында өтөт.