Токмок шаарындагы мал базарда карыянын жылкы алам деген 120 миң сомун уурдап кеткен кылмышкерлерди издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Карыянын окуясы Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.
Кечээ, 16-октябрда социалдык тармакка Токмок шаарындагы мал базарга уулунун ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген карыянын 120 миң сомун уурдап кетти делген видео тараган. Бул окуя коомчулуктун көңүлүн бурган. Карыяга базардагылар уурдаткан акчасын чогултуп берген.