Оштун Өзгөн районунда мектеп окуучулары мушташып, бир өспүрүм каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, 16-октябрда саат 13:35 чамасында Өзгөн райондук милициясына Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын 14 жаштагы И.К. аттуу тургуну денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу айтылган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.
Маалым болгондой, 16-октябрда болжол менен саат 10:00дө Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги жардын түбүнөн өспүрүм жараат алган абалда табылган. Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон.
"Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн", - деп билдиришти милициядан.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү Киров менен Шагым айылдарындагы мектептин 9-10-класстарынын окуучулары пикир келишпестиктен улам мушташып кетишкен. Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган.
Учурда күбөлөр суралып, тергөө иштери улантылууда.