Теннис боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жамгырга байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациянын Instagram баракчасында айтылат.
Эске салсак, 15-октябрда Бишкекте теннис боюнча республикалык чемпиондук башталган.
Турнирге 12 жаштан 30 жашка чейинки курактагы эркектер жана кыздар катышууда.
Белгилей кетсек, мындай даражадагы мелдештер Кыргызстанда көптөн бери өткөрүлбөй келген.