"Сенин эмгегиң менен команда жеңишке жетет, бирок 7-орундасың". "Реалдын" дарбазачысы "Алтын топту" сынга алды

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун бельгиялык дарбазачысы Тибо Куртуа "Алтын топтун" жыйынтыгы жарыялангандан кийин нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, дарбазачы анын жана командалаштарынын эмгеги болбосо кубок утуу мүмкүнчүлүгү болбой турганын белгилеген.

"Менин оюмча, бул мүмкүн эмес. Сен Ла Лиганы, Чемпиондор Лигасын жеңдиң, сенин эмгегиңдин аркасында командаң жеңишке жетти. Жыйынтыгында 7-орунду ээлеп калдың. Жок дегенде алар жылдын мыкты дарбазачысы деген сыйлыкты ойлоп табышса болмок", - деген Куртуа.

"Алтын топ" сыйлыгын "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Карим Бензема алган. Ал эми Куртуа дарбазачылардын арасынан мыкты болуп, "Лев Яшин" атындагы сыйлыкка ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан