SUPER.KG порталынын Поэтерапия рубрикасында жаш акын Сыймык Райымбердиев ырларынын таржымалы тууралуу баяндап берди.
Сыймык Райымбердиев 1999-жылы 20-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Баймундуз айылында жарык дүйнөгө келген. 2020-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин аяктап, андан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Транспорт жана механикалык инженерия факультетине тапшырган. Азыр аралыктан билим алып жаткан учуру.
2021-жылы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан басылып чыккан "Саамалык-16" китебинде бир канча ырлары жарык көргөн. Учурда жеке ыр жыйнак китебин чыгаруу аракетинде жүрөт. Бир канча ырларына обон жазылган. Учурда чет өлкөдө эмгектенет.
АПАМА
Жолуна түшүп, чоң турмуш деген жарыштын,
Мен үчүн далай кайгырып жашың тамыздың.
Ыңаалап ыйлап, уурдаган үчүн уйкуңду,
Ырасын айтсам далай түн сизге карызмын.
Жакшы сөз айтсаң, кээ күнү укпай эсирдим,
Жаш экем көрсө, анымды апа кечиргин.
Билинбей такыр, мезгилдин учуп өткөнү,
Байкабаптырмын, басканын бырыш бетиңдин.
Мезгилдер тынбай, кол салып улам жашыңа,
Мени деп канча, көп түйшүк түштү башыңа.
Ааламдын бүткүл, байлыгын топтоп келсем да,
Арзыбайт билем, ак түшкөн бир тал чачыңа.
ЖАЛГЫЗДЫК ЖОЛУ
Жалгыз жүрүп, жолдорунда армандын,
Сен кеткен соң, мен өзгөрүп калганмын.
Жүрөк сырын, бир да пенде түшүнбөй,
Жалгыздыкты жолдош кылып алганмын.
Жетеленип санаасына көп ойдун,
Жалгыздыктын талаасына жөнөймүн.
Көңүл чиркин, ызы-чууну жактырбай,
Көпчүлүктүн калаасына өгөймүн!
Билесиңби, бүгүн кайда келгеним?
Биз экөөбүз бирге жүргөн жердемин.
Жүрөгүмө сен да жакпай тек гана,
Жалгыздыкты каалап турган кездемин!
Жетеленип жолдорунда армандын,
Жалгыздыкты жолдош кылып алганмын!
ТААРЫНБА
Сени эстеп өткөрсөм да ай-жылымды,
Мерез деп күнөөлөбөйм тагдырымды.
Болгону сага болгон сезимдерим,
Бактылуу өмүрүмдү жарды кылды.
Кармашпай кайра биздин колдорубуз,
Кезикпей калса дагы жолдорубуз.
Анда ыраазымын тагдырыма,
Арга жок бир пендебиз болгону биз.
Кокустук болбосо эле капилеттен,
Кетирбейм сени такыр акыл-эстен.
Дүйнөдө жоолуга албай калсак эгер,
Кез келип жоолугарбыз акыреттен.
Ойнотуп салып алып алкымына,
Куу турмуш эки жолду жазды мына.
Таарынбайм бул өмүрдүн аздыгына,
Таарынба сен да жазган тагдырыңа.
ЖЕҢИЛБЕС КУРАЛ
Кол салса душман кыргызга,
Бир курал ойлоп тапсам не.
Чабуулга чыгып кыр-кырда,
Чекеден кырып атсам не!
Согушсаң колоң-коктуда,
Өткөрбөй турган окту да,
Мекен деп соккон жүрөктөн,
Күчтүүрөөк курал жок тура.
Душманды кууп артына,
Тынч жашоо сунган калкына.
Кыргыздын ар бир уулунда,
Жеңилбес курал бар тура!
ӨМҮР ШАШАТ
Мөлтүр суудай токтобостон агасың,
Эх өмүрүм кайда шашып барасың?
Жакындатат ар бир сенин агышың,
Жашоо менен кабырымдын арасын,
Жаркылдаган жаштыгыма асылбай,
Жайлаш өмүр, токтой турчу шашылбай.
Көз ирмемде бала чакты бүтүрдүң,
Он гүлүмдөн али бир гүл ачылбай.
Ансыз деле калтырбастан аргамды,
Айлар өтүп арбын жылдар айланды.
Тирүүлүктө жасай турган ишим көп,
Токто өмүр, шашылбачы, жайланчы!
АЙЫКПАС ДАРТ
Сендик ой мага жалгаса нечен,
Санаалар менен кармаша кетем.
Сезимдер кыйнап,
Сездирбей ыйлап,
Сыркоолуу болуп калбасам экен.
Уктаарда жатып, ойлоном эчен,
Уктасам чоочуп, ойгоно кетем.
Онтолоп жетпей,
Оюмдан кетпей,
Оорукчан кылып койбосоң экен.
Басылсам эгер, жүк толуп желкем,
Бакырып алам, бук болуп эркем.
Карайлап шордуу,
Калбасам болду,
Айыкпас дартка туш болуп эртең!