Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева ИИМ сунуштаган мыйзам долбоорунунун тексти кыргыз тилинде ката жазылганын сынга алды.
Анын айтымында, текстте бир катар орунсуз кайталоолор орун алган жана бөлүнүп жазыла турган сөздөрдү чогуу жазып коюшкан.
"Мыйзамдын тили - кыргыз тили болушу керек. Бүт орус тилинен которулгандыктан ондогон каталар бар",- деди Талиева.
Ошондой эле ал долбоордун текстине токтолуп, кайсы жерлерди оңдош керек экендигин белгилеп өттү. Ага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорун чогуу өзгөртүүгө алып келерин билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоору адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү, мыйзамдын нормаларын Конституциянын жаңы редакциясына ылайык келтирүү, ошондой эле мыйзамдарда орун алган кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккандыгы айтылат.