Токмок шаардык кеңешинин депутаты мас абалында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун жол көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-октярь күнү саат 01:20 чамасында Toyota Land Cruiser унаасы жолдо турган жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен. Жаракат алгандар Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жаткызылган. Жөө жүргүнчүлөр 1987-жылы туулган С.М Чүй РИИБинин кызматкери жана 1993-жылы туулган А.И экени такталган.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгында, аталган унаанын айдоочусу 1990-жылы туулган Токмок шаардык кеңешинен депутаты А.З.С экени аныкталган. Ал толугу менен күнөөсүн мойнуна алып, медициналык текшерүүдөн өткөзүлгөндө, мас абалында болгону аныкталган.