Ош шаарында 2000-жылы туулган эки жигит тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Тагыраагы, милицияга 1999-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызда, инисинин Редми үлгүсүндөгү телефонун белгисиз атуулдар Оштогу эс алуу багында коркутуп алып койгонун билдирген. Мындан башка ошол эле эс алуу багында тоноочулук боюнча үч арыз катталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2000-жылы туулган М.И. жана Ж.уулу У. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бүгүнкү күндө шектүүлөрдүн үстүнөн шаардык милицияга төрт арыз келип түшүп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.