Сокулук районунда мас абалда чоң энесин өлтүргөн деп шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-октябрь күнү Сокулук айылындагы үйүнөн 1952-жылы туулган Г.В. денесинде оор жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Келтирилген оор жаракаттардын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-статьясында ( адам өлтүрүү ) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаганга шектелип каза болгон адамдын небереси 1999-жылы туулган Г.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ичкиликтин айынан, чоң апасы небересин ичкилик ичесиң деп урушканынан болгондугу аныкталган.
Тергөө уланып жатат.