Бүгүн, 6-декабрда Бишкек сааты боюнча 22:00дө футбол боюнча 2014-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун чүчү кулак таштоо аземи болот. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алган 32 команда 8 тайпага бөлүштүрүлөт. Чүчү кулактын ыңгайына каралып, салтка айланып калгандай, 32 команда 4 себетке (корзина) бөлүштүрүлгөн:
1-себетке үй ээси жана рейтингдеги алдынкы 7 команда кирди: Бразилия, Испания, Германия, Аргентина, Колумбия, Бельгия, Уругвай, Швейцария.
2-себетке 5 африкалык жана 2 түштүк америкалык команда кирди: Кот-д`Ивуар, Гана, Алжир, Нигерия, Камерун, Эквадор, Чили.
3-себетке Түндүк Американын жана Азиянын төрттөн командасы кирди: АКШ, Мексика, Коста-Рика, Гондурас, Япония, Иран, Түштүк Корея, Австралия.
4-себетке жалаң европалык командалар кирди: Голландия, Италия, Англия, Португалия, Греция, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Орусия, Франция.