Кыргызстандык спортчулар Түркиядагы кол күрөш (армрестлинг) боюнча Дүйнө чемпиондугунда 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Учурда Анталия шаарындагы армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Аталган мелдеште Кыргызстандык спортчулар 13 медаль: эки алтын, жети күмүш, төрт коло утту.
Алтын медаль уткандар:
1. Александр Ли, 55 килограмм;
2. Байтур Абжалбеков, 55 килограмм;
Күмүш медаль уткандар:
3. Маматкасым Рахманбердиев, +100 килограмм;
4. Булан Жоробеков, 50 килогарамм;
5. Елена Тораторина, 70 килограмм;
6. Чолпонбай Жапаркулов, 85 килограмм;
7. Нурбек Алиев, 70 килограмм;
8. Шабдан Нуркамал уулу, +55 килограмм;
9. Бекболсун Токтосун уулу, 55 килограмм;
Коло медаль уткандар:
10. Осмон Нурбеков, 45 килограмм;
11. Алтынай Кочкорова, 70 килограмм;
12. Дарья Ибрагимова, 50 килограмм;
13. Нуртилек Касым уулу, 55 килограмм;
Белгилей кетсек, чемпиондук 23-октябрь күнү жыйынтыкталат.