"Хабиб моюнуна көтөрүп". Ислам Махачев UFC уюмунун жаңы чемпиону болду

Орусиялык мушкер Ислам Махачев жеңил салмактагы UFC уюмунун жаңы чемпиону болду. Абу-Даби шаарында өткөн "UFC 280" турниринин негизги беттешинде 31 жаштагы мушкер бразилиялык Чарльз Оливейраны жеңип алды.

Беттештин экинчи бөлүгүндө Ислам Махачев атаандашын нокдаун абалына түшүрүп, андан кийин муунтуу ыкмасы менен жеңди.

Уюмдун чемпиондук курун Махачевге жакын досу Хабиб Нурмагомедов такты. Андан кийин Хабиб Нурмагомедов аны моюнуна көтөрүп алып чуркады.

Муну менен Ислам Махачев UFC уюмунун жеңил салмактагы жаңы чемпиону болду.

Бул жаңы чемпиондун катары менен 11-жеңиши жана ал алты жылдан ашык убакыттан бери жеңиле элек. Оливейрага келсек, ал карьерасындагы тогузунчу жана акыркы төрт жарым жылда биринчи жолу жеңилүү ызасын тартты. Ага чейин бразилиялык мушкердин катары менен 11 жеңиши болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан