Күрөш: Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту

Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу байгеге ээ болду.

Бул Дүйнө чемпиондугуна кыргыз балбаны 61 килограмм салмакта катышты. Ал финалга чейин жетип, анда армениялык Арсен Арутюнян аттуу балбанга 7:5 эсебинде утулуп калды. Анын жеңишке жетүүсүнө бир нече секунд гана жетишпей калганын баса белгилей кетүү керек.

Муну менен Тайырбек Жумашбек уулу 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду. Бул Кыргыз курамасынын ушул Дүйнө чемпиондугундагы экинчи медалы. Буга чейин 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу коло байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан