"Жол кырсыгынан 5 күндөн кийин каза болуп...". Өлкөнүн эмгек сиңирген дарыгери көз жумду

Ушул жылдын 18-октбярь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 100-чакырымында жол кырсыгы катталган. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, кырсык болжол менен саат 20:40 чамасында орун алган.

Анда Тойота менен КамАЗ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен Тойота унаасынын айдоочусу 1965-жылы туулган жаран жаракат алып, Кемин шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Каныбек Жапаров экени белгилүү болду.

Аны 21-октябрь күнү борбор калаадагы Улуттук госпиталга которушкан. Бирок кечээ, 23-октябрь күнү анын каза болуп калганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан