Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык 12 боксчу Азия чемпиондугуна катышат (тизме)

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Иорданияда өтө турган Азия чемпиондугуна катыша турганын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдайт.

Маалым болгондой, мелдеш 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Амман шаарында өтөт.

Азия чемпиондугуна катыша турган курама команданын тизмеси:

1. Мирлан Түркбай уулу – 48 килограмм;

2. Нуржигит Дүйшебаев – 51 килограмм;

3. Мунарбек Сейитбек уулу – 57 килограмм;

4. Нурадин Рустамбек уулу – 71 килограмм;

5. Өмүрбек Бекжигит уулу – 80 килограмм;

6. Эркинбек Адылбек уулу – 86 килограмм;

7. Сагын Сатыбалды уулу – 75 килограмм;

8. Жакшылык Таалайбек уулу – 67 килограмм;

9. Жантөрө Ташиев – 63,5 килограмм;

10. Мирзохид Имамназаров – 60 килограмм;

11. Санжар Сейдакматов – 54 килограмм;

12. Сергей Паренко – 91 килограмм;

Спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында чемпиондукка катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан