Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад шаарындагы аэропортто грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгени багындырган Амантур Исмаиловду салтанаттуу тосуп алуу аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.
Маалымдалгандай, тосуп алуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун машыктыруучулары жана жакындары катышты.
Амантур Исмаиловду шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жетишкен ийгилиги менен куттуктап, жергиликтүү бийлик спортчуларды ар дайым колдоого даяр экендигин баса белгилеп, ат мингизип, кичи мекенине узатышты.
Спортчу учурда 25 жашта. Ал Жалал-Абад шаарына караштуу Кыргызстан айылында туулган.
Эске салсак, Амантур Исмаилов Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 67 килограмм салмакта коло байгени багындырган.