Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар: А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д.
"Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн" деп жазылат маалыматта.
Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.