Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданда өтүп жаткан көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, чемпиондук 26-30-октябрь аралыгында өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 команда ат салышты. 30-октябрь күнү финалдык беттештер орун алды.
Жаштар арасында финалда:
  • 1-орун Чүй облусунун курама командасы;
  • 2-орунду Нарын облусунун курама командасы;
  • 3-орунду Талас облусунун курама командасы алды.
Жаштар арасындагы чемпиондуктун “Эң мыкты оюнчусу” наамын Чүй облусунун курама командасынын оюнчусу Калкаман Акбаржан уулу алды. Ал эми эң мыкты аргымак деп Нарын курамасынан Арча-Тору аталды.
Чоңдор арасында финалда:
  • 1-орун Талас облусунун курама командасы;
  • 2-орунду Чүй облусунун курама командасы;
  • 3-орунду Ош облусунун курама командасы.
Чоңдор арасында Талас облусунун оюнчусу Кушчубай Илис уулу “Эң мыкты оюнчу”деп табылды. “Эң мыкты аргымак” деп Чүй облусунан Көк-Мончок аталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан