Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын өкүлдөрү Азат Усеналиев жана Эрмек Сакенов бокс сүйүүчүлөрүнүн дүйнөлүк рейтингинде 7-орунду ээлеп турушат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда бокс сүйүүчүлөрүнүн Эл аралык федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-декабрда жаңыланган рейтингде кыргызстандык мушкерлер Азат Усеналиев (800 упай, 52 килограмм салмакта) менен Эрмек Сакенов (1000 упай, 64 килограмм салмакта) өз салмактарында 7-орунду ээлеп келишүүдө.
Жаңыланган рейтингде дагы бир кыргызстандык мушкер Өмүрбек Малабеков (56 килограмм салмакта) эсебиндеги 500 упай менен 13-орунду ээледи.
Эске салсак, бул 3 мушкер 2014-жылдын эсебинен Кыргызстандын чемпиондугуна катышышкан жок. Тизмеде аты аталгандардын үчөө тең Эл аралык даражадагы спорт чеберлери.