"Катар-2022": Тунис курама командасы Дүйнө чемпиондугунан четтетилиши мүмкүн. Себеби?

Футбол боюнча Тунис улуттук курама командасы ноябрь айында Катарда баштала турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунан четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга мамлекеттин футбол иштерине кийлигишүүсү себеп болушу мүмкүн. Тунистин жаштар жана спорт министри Камел Дегиш буга чейин Тунистин футбол федерациясын таркатышы мүмкүн экенин кыйыткан. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) анын сөзүн өлкөнүн футбол федерациясынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү деп эсептейт.

Эгерде ФИФА уюму Тунисти Дүйнө чемпиондугунан четтете турган болсо, анын ордуна Италия курама командасы катышат.

Катардагы Дүйнө чемпиондугу ушул жылдын 20-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт. Тунис курама командасы Австралия, Дания жана Франция менен бир тайпада ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Antiradikal11
2022-10-31 21:54:00
Садыр Аферист менен Камчы Доопарастын Жогорку Кенештеги чимкириктери Кемпирабаддын сатылышын комитетте колдоп беришти. Эми Аферист менен Мирзиеев кол койсо, Жогорку Кенештеги 70-80 чимкирик Кемпирабад сатылсын деп ратификация кылып берет. Кемпирабадды сактап калуунун жалгыз жолу - Кемпирабаддын сатылышын кутпой, токтоосуз 2 доопарасты бийликтен кууп тушуу. Башка жол жок... Болбосо ата-бабаларыбыздан мурас калган стратегиялык жерден да, суудан да туболукко кол жууйбуз. Ойгонгун КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
+2
Janel2013
2022-10-31 22:06:00
Antiradikal11 Төө десе бакалашка деп койгонбу? Теманы кара, комментти кара.
-5
Antiradikal11
2022-10-31 22:26:00
Janel2013, сенден сурап жазбайм.......
+3
patriot.kg94
2022-10-31 22:42:00
Janel2013буга конул бурба бечара ооруп калган )))
-1
Kulundu
2022-10-31 23:57:00
Antiradikal11 Ыссык сийип келип жаткын озуно келип каласын байкуш температуран бар окшойт
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан