УЕФАнын президенти Мишель Платини футболдо көрсөтүлүүчү сары айып кагазынын ордуна футболчуну майдандан 10-15 мүнөткө четтетүүнү сунуштайт. Бул сунушун ал англиялык басылмаларга берген маегинде билдирди.
“Мен оюн эрежесин одоно түрдө бузган оюнчуга сары айып кагазын берүүгө караганда футболчуну майдандан 10-15 мүнөткө четтетип коюну туура көрөм. Анткени учурда сары айып кагазын алган оюнчу ошол оюнду толук ойноп, кийин башкасына чыкпай калат. Менин сунушум, эреже бузган оюнчу башка оюндарда командасына жардам берип, дал ошол ойноп аткан оюндан гана четтетилсе калыстык болмок. Бул кеп талкууга алынып, кеңешмелерде каралышы керек”,- деп билдирет Платини.
Эскерте кетсек, хоккейде, регбиде жана улуттук оюнубуз көк бөрүдө эреже бузган оюнчу майдандан ошол замат бир нече мүнөткө оюндан четтетилип, анан кайтат.