Азия чемпиондугу: Эки кыргызстандык боксчу чейрек финалга чыкты

Эки кыргызстандык боксчу Азия чемпиондугунун чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, алар бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нурадин Рустамбек уулу жана Сагын Сатыбалды уулу.

Нурадин Рустамбек уулу 71 килограмм салмак категориясында, ал эми Сагын Сатыбалды уулу 75 килограмм салмак категориясында беттешет.

Мындан сырткары 51 килограмм салмакта Нуржигит Дүйшебаев 1/16 финалда индиялык спортчуга жеңилип, кийинки турга өтө албай калды.

Эске сала кетсек, мелдеш Иорданияда өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан