Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 14,6 миллион сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, ыкчам изилдөө иш-чараларынын натыйжасында Отраднен айыл аймагынын өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилгени аныкталган. Анда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 1998-жылдагы токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгаргандыгы белгилүү болду.
Андан кийин 2014-жылы түзүлгөн атайын комиссия тарабынан коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн.
Ошол эле учурда кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отраднен айыл аймагында иш жүзүндө жашашкан эмес.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган сугат жерлер мамлекеттин балансына кайтарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.