Мюнхендик "Бавария" клубунун жана Германия курамасынын дарбазачысы Мануэль Нойер тери рагына байланыштуу үч жолу операция жасатканын моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай кабарды дүйнөнүн эң мыкты дарбазачыларынын бири, теннисчи Анжелика Кербер менен бирге күндөн коргоочу кремдерди чыгарууга инвестиция салганына байланыштуу билдирген.
"Экөөбүздүн тең тери ооруларына байланыштуу жеке окуяларыбыз бар. Мага бетимдеги теринин рагы үчүн үч жолу операция жасатууга туура келген", - деген Нойер.
Мануэль Нойердин мүмкүн болгон оорусу тууралуу кептер бир нече ай мурун, дарбазачы бетиндеги так менен эл алдына чыккандан тарта күчөгөн.
36 жаштагы германиялык дарбазачы бул сезондо "Бавариянын" курамында 13 оюн өткөрдү. Нойер акыркы убакта жаракатынан улам оюнга чыкпай келет.