Сузакта жергиликтүү тургун "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясынан баш тартты

Жалал-Абаддын Сузак районунда жергиликтүү тургун “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А. аттуу жаран радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Ал 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмунун кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды аталган уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Сузакта жергиликтүү тургун "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясынан баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан