Бишкекте өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 50дөн ашуун өлкөнүн спортчулары катышат

Бүгүн, 3-ноябрда “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Бишкек шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө арналган маалымат жыйыны өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, директордун орун басары Самат Токтоналиев, эл аралык самбо федерациясынын аппарат жетекчиси Александр Корсик катышты.

Канат Шабданбаев самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканын айтты.

“Самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы биз үчүн абдан маанилүү. Мелдештер Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрда өтөт. Чемпионатка бүгүнкү күндө 420дан ашык спортчу катыша тургандыгын билдирди. Кыргызстандан чыга турчу спортчулар учурда Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйынын өтүп жатат. Жалпысынан даярдык жакшы”, - деди ал.

Ошондой эле Канат Шабданбаев бюджеттен 4 миллион сомго жакын каражат каралганын белгилеп, Кыргызстандын курама командасы байгелүү орундарды багынтаарына ишенерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан