“Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Бишкектин “Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, финалдык этапта Бишкек шаарынын командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Оштун “Каганат” командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга ээ болду.

Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров, Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан