Эрназар Акматалиев эл аралык турнирде чемпион болду

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев коңшу Казакстандын Тараз шаарында өтүп жаткан көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык турнирде чемпион болду.

Кыргыз балбаны бул турнирге 70 килограмм салмакта катышып, финалга чейин жетти. Финалда ал америкалык балбандын үстүнөн жеңишке жетти.

Эрназар Акматалиев быйыл Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда дагы коло байге уткан.

Ушул эле турнирде Алмаз Сманбеков күмүш байге утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан