
Бишкекте Орусия жаранынын бычакталган сөөгү табылды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 3-ноябрь күнү саат 13:15те милицияга Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүнөн жашы болжол менен 35-40 жаштагы бычакталган эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция анын киши колдуу болуп каза болгонун аныктап, өздүгүн аныктаган. Ал Орусиянын 32 жаштагы Р.И. аттуу жараны болуп чыкты.
Аталган факты Ленин РИИБинин бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.