Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип Дүйнө чемпиону наамын сактап калды

Спортчу Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип Дүйнө чемпиону наамын сактап калды.

Маалым болгондой, Кыргызстанда төрөлүп-өскөн профессионал боксчу, Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол бокс боюнча мелдеште мексикалык Хильберто Рамирести жеңди. Мелдеш Абу-Даби шаарында өткөн.

Муну менен Бивол орто оор салмактагылар арасында WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамын төртүнчү ирет ийгиликтүү коргоп калды.
Ал эми анын атаандашы Рамирес карьерасында биринчи жолу жеңилди.
Таймаш 12 раунд менен өтүп, соңунда калыстар Биволдун пайдасына чечим чыгарышты.
Май айында Дмитрий Биволдун учурдун мыкты мушкери атыккан Сауль Канело Альварести жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган.
Ушул жылдын жай мезгилинде мушкер Ысык-Көлдө дээрлик бир ай машыккан.
Дүйнөлүк бокс жылдызы Токмок шаарында төрөлүп-өскөн. 15 жашында ата-энеси менен чогуу Орусияга көчүп кетишкен.
Дмитрий Бивол мексикалык мушкерди жеңип дүйнө чемпиону наамын сактап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан