Түркия мамлекетинде өткөн "Коркут Ата" кинофестивалында актриса Калипа Таштанова "Эң мыкты аялдын ролу үчүн" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу актриса SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, актриса фестивалга катышкан "Үй сатылат" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган.
"Фестиваль жыл сайын болуп, кайсы тасма, кайсы актёр, актриса сыйлыкка ээ болору белгисиз болот. Мен Түркия мамлекетине барбагандыктан сыйлыкты сахнада тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев алды. Бул мен үчүн сыймык. Аябай кубанып турам", - деди актриса.
Белгилей кетсек, быйыл кинофестивалдын уюштуруучулары иш-чараны "Курманжан Датка" тасмасы менен ачкан.