Зеленський Орусия менен тынчтыкка келүү үчүн 5 негизги шартын атады

Украинанын президенти Володимир Зеленський өзүнүн Телеграм каналы аркылуу кайрылуусунда Москва менен сүйлөшүүлөргө кандай шарттарда даяр экенин айтты.

Зеленськийдин айтымында, сүйлөшүүлөр төмөнкү шарттарда мүмкүн: Орусияга кошулган аймактарды кайтарып алуу менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү;

БУУга сый-урмат менен мамиле кылуу;

Бардык жоготуулардын ордун толтуруу;

Ар бир согуш кылмышкерин жазалоо;

Бул эч качан кайталанбайт деген кепилдик.

"Биз үчүн эң башкы максат Орусия бүткүл дүйнөгө туруксуздук алып келип жатканын жана анын агрессиясы жөнүндө дүйнөгө маалымат берүү", - деп кошумчалаган ал.

Буга чейин Украинанын президенттик аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украина Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартпай турганын, бирок адегенде Кремль өз аскерлерин басып алган аймактардан чыгарып кетүүсү керек экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Samina007
2022-11-08 16:15:00
Сен биринчи оондун аскерин чыгар өз мекениңден
0
aslan_akjol89
2022-11-08 22:35:00
Samina007 НАТО нун аскерлерин чыгарсын,АКШнын азгыруусуна алдырбасын,баары жакшы болот.НАТО болушунча Россияга жакын жерге аскерлерин жайгаштырууну коздоодо.Ал Россияга жакпайт жана мурун келишилген келишимдерге каршы келерин тушунгулору келбей жатат.АКШ мн НАТО украин элинин колу мн чок кармап ойноп жатат.
+1
Аkjol18
2022-11-08 16:44:00
ООНдун сый-урматын коргоо күнү комикке калса,алдыда кызык күндөр болот окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан