Эки жумага жетпеген убакыттан кийин Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат. Командалар азыртан эле даярдыкты башташып, Дүйнө чемпиондугуна карата курамын жарыялай башташты.
Учурдагы Дүйнө чемпиону Франция курама командасы Катарга бара турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Башкы машыктыруучу Дидье Дешам улуттук курамга 25 футболчуну чакырган. Ошол эле маалда "Реал Мадрид" клубунун негизги коргоочусу Ферлан Менди улуттук курамга чакыруу албай калды.
Франция курамасынын тизмеси: Дарбазачылар: Альфонс Ареоля («Вест Хэм»), Уго Льорис («Тоттенхэм»), Стив Манданда («Ренн»);
Коргоочулар: Лукас Эрнандес, Бенжамен Павар, Дайо Упамекано (бардыгы «Бавария»), Тео Эрнандес («Милан»), Преснель Кимпембе («ПСЖ»), Ибраима Конате («Ливерпуль»), Жюль Кунде («Барселона»), Вильям Салиба («Арсенал»), Рафаэль Варан («Манчестер Юнайтед»);
Жарым коргоочулар: Эдуарду Камавинга, Орельен Тчуамени (экөө тең «Реал Мадрид»), Юссуф Фофана («Монако»), Маттео Гендузи, Жордан Верету (экөө тең «Марсель»), Адриан Рабьо («Ювентус»);
Чабуулчулар: Карим Бензема («Реал Мадрид»), Кингсли Коман («Бавария»), Усман Дембеле («Барселона»), Оливье Жиру («Милан»), Антуан Гризманн («Атлетико»), Килиан Мбаппе («ПСЖ»), Кристофер Нкунку («Лейпциг»).
Франция курамасы алгачкы оюнун 22-ноябрь күнү Австралияга каршы өткөрөт. D тайпасында булардан тышкары Дания менен Тунис бар.