Ата мекендик спортчулар бокс боюнча Азия чемпиондугунда 4 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов (54 килограмм), Нурадин Рустамбек уулу (71 килограмм), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 килограмм), Эркинбек Адылбек уулу (86 килограмм) бокс боюнча Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңишти.
Спортчулар курама команданын улук машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу жана башкы машыктыруучусу Улан Сагыналиевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.
Мелдеш 30-сентябрдан 13-ноябрга чейин Амман (Иордания) шаарында өттү.