Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Бектен Эркебай уулу коло байгенин ээси болдуу. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу күжүрмөн самбо боюнча 88 килограмм салмак категорияда коло медаль тагынды. Ал жалпы 3 беттеш өткөрдү. Алгач морокколук жана египеттик балбанды жеңип, 3-беттешинде белоруссиялык балабанга жеңилип 3-орунду ээледи.
Ушуну менен Кыргызстан курама командасы 6 медалга ээ болду. Анын экөө алтын байге болсо, бирөө күмүш жана үч коло медаль.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 51 өлкөнүн спортчулары катышууда. Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 21 спортчу аттанган.