АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн "UFC 281" турнириндеги алдын ала беттешүүлөрдө чуулгандуу окуя болду.
"Мэдисон Сквер Гарден" аренасында өткөн турнирде польшалык мушкер Каролина Ковалькевич менен аргентиналык мушкер Сильвана Гомес Хуарес кез келди.
Беттеш үч бөлүккө тең созулду. Аягында диктор Биктор Брюс Бафер чечимди жарыялоо алдында турганда октагонго калыс чуркап кирип, күтүүсүздөн упайларды кайра санады. Жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чечими менен жеңиш польшалык мушкерге ыйгарылды.
Көпчүлүк спорттук басылмалар резонанстуу окуяга терс пикирлерин жазышып, текшерүү жүргүзүлүшү керектигин билдиришүүдө.