Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.
Ага ылайык, Эрназар Акматалиев (70 килограмм) жана Арсалан Будажапов (79 килограмм) жыл жыйынтыгындагы рейтингде экинчи орунда тургандыгы үчүн 3 миң доллардан алышат.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбековго 5 миң доллар, ал эми 77 килограмм салмакта тизмеде экинчини ээлеген Акжол Махмудовго 3 миң доллар берилери маалым болгон.
Белгилей кетсек, жылдын жыйынтыгы менен рейтингдин алдынкы сабында турган үч балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Тагыраагы, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.