Атактуу UFC мушкери каза болду

Америкалык атактуу UFC уюмунун мушкери Энтони Жонсон 38 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мушкердин өлүмүнүн себеби расмий айтыла элек. Буга чейин анын ден соолугунда көйгөй бар болгону гана айтылды.

Атактуу мушкер акыркы беттешин 2021-жылдын май айында өткөргөн. Анда ал "Bellator 258" турниринде нокаут менен жеңишке жеткен.

Мушкер UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн эки жолу беттешкен. Бирок, экөөндө тең Дэниель Корьмеге муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан