Иранда атактуу футболчу өлүм жазасына кесилди

Иран бийлиги улуттук кураманын мурдагы чабуулчусу Али Даеини өлүм жазасына кести. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, экс-футболчу Иранда нааразычылык акцияларына катышкан. Сентябрдын аягында Али Даеи Иран өкмөтүн репрессияларды, зордук-зомбулуктарды жана камакка алуунун ордуна иран элинин көйгөйлөрүн чечүүгө чакырган.

14-ноябрда футболчу ФИФА уюму аны Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна чакырылганын билдирип, бирок баруудан баш тарткан. Ал кыйын учурда мекенинде калууну чечкенин кошумчалаган.

Ал учурда камакта. Ага өлүм жазасы берилди.

Анын рекордун Криштиану Роналду жаңылаганга чейин Даеи улуттук курамалардын тарыхында эң мыкты бомбардир болгон. Ирандык футболчу улуттук курама команда үчүн 149 беттеште 109 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Antiradikal11
2022-11-16 13:27:00
Иранда да бийлик алмашат бул кетиште. Бизде да.
+2
Sancho-
2022-11-17 01:03:00
Antiradikal11. Ирандын бийлиги алмашса. Биздин бийлике кандай тиешеси бар
-9
Antiradikal11
2022-11-17 10:28:00
Sancho-, бизде да 2 доопарас копту, элге зулумлугун кылып. Эл которулот эртеби кечпи.....
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан