UFC уюмунун орто салмактагы мурдагы чемпиону Исраэль Адесанья Нью-Йорк шаарындагы аэропорттон кармалды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мушкер Нью-Йоркто эреже бузуу болуп саналган кастетти көтөрүп жүргөнү үчүн полиция тарабынан кармалган. Анын менеджеринин айтымында, мушкерге кастетти күйөрманы белек кылган. Адесанья учурда полиция кызматында тергөөдө.
13-ноябрда Адесанья бразилиялык Алекс Перейрага техникалык нокаут менен UFC уюмунун чемпиону наамынан ажыраган.